31-августтан кийин Афганистан эч кимди чыгарбайт

«Талибан»* кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды чыгарууга тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид кабарлаган.

 

«Биз 31-августтан кийин эвакуациялоо боюнча операцияларга жол бербейбиз”, — деди ал.

 

Мындан тышкары, Муджахид Кабул аэропортуна жолдор жабык экенин айтып, ал жакка азыр чет элдик жарандар гана өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

 

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф Америка аскерлеринин Афганистандан эвакуациялоо иштерин 31-августка чейин аяктай аларына күмөн санап, алардын миссиясы узартылары боюнча пикирин айтканын РИА Новости жазган. АКШлык ЖМКлар дагы президент Жо Байден өз аскерлеринин Афганистанда болуу мөөнөтүн жакынкы күндөрү узартарын божомолдоп жатышат. Эске салсак, Байден АКШлык аскерлер Американын акыркы жаранын алып чыкмайынча Афганистанда кала турганын убадалаган.

 

Анткен менен Пентагон өкүлү Жон Кирби шейшемби күнү билдиргендей, мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин чыгарып кетебиз деген максат көздөлүүдө. Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч туулган бардык АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет.

 

«Биз эвакуациялангандардын санын кескин көбөйтө алдык. Андыктан айдын соңуна чейин бардык иштерди аяктайбыз деген ишеним бар”, — деген Пентагон өкүлү.

Ошол эле учурда Reuters агенттигинин АКШ президентинин администрациясынын өкүлүнө таянып жазганына караганда, Жо Байден Пентагондун Афганистандагы эвакуация иштерин мурда пландалган мөөнөттө аяктоо боюнча сунушуна макул болуп жатканын жазды.