Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 140тан ашык куткаруучусу Түркияда издөө-куткаруу иштерин улантууда.
Алар жер титирөөнүн очогу болгон Кахаранмараш шаарынын 3 районунда иш алып барып жатат.
Куткаруучулар аймактардагы эң кооптуу тилкелерде ишин 24 саат бою кезектешип аткарууда.
Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө катталган.
Зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды.
Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды.