Шаурмага ууланган окуядан кийин Бишкектеги тез татым жайларынын баары текшерилет

Шаурмага ууланган окуядан кийин Бишкектеги тез татым жайларынын баары текшерилет.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Тийиштүү тапшырманы ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев берген.

 

Эске салсак,  Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайында  21 киши шаурмага ууланды. Алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды.