Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу пландалган жок

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу пландалган жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө аялдарды 58 жаштан, эркектерди 63 жаштан пенсияга чыгаруу нормасы сакталат.

 

Алиев эске салгандай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча соңку 15 жылда жашоо узактыгы 4 жылга узарды.

 

Бул көрсөткүч Кыргызстанда дагы өстү. Эгер 20 жылды ала турган болсок, биздин өлкөдө 80 жаштан жогору 2 миң адам жашаса, бүгүнкү күндө алар 58 миңге жетет. Жалпысынан, жашоо узактыгы өсүүдө, демек, Соцфонд дагы пенсияны узагыраак төлөйт, — деди Алиев.