Кыргызстанда 40 жылдык тынымсыз стаж үчүн пенсияга эрте чыгаруу нормасын алып салуу сунушталды

Кыргызстанда 40 жылдык тынымсыз стаж үчүн пенсияга эрте чыгаруу нормасын алып салуу сунушталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлер үчүн бул норманы алып салуу менен 600 миллион сомду үнөмдөө мүмкүн болот.

Бул сумманы пенсиянын минималдык өлчөмүн көбөйтүүгө багыттоо пландалууда, — деди Жуматаева.

Белгилеп кетсек, өлкөдө жашы жете элек, бирок стажы жетиштүү болгон 55 миң пенсионер бар.