Медициналык бет капты туура пайдалануунун жол-жобосу

Медициналык бет капты туура пайдалануунун жол-жобосу.

Тагынган коргонуу каражатты кир кол менен кармаган болбойт.

Колду жууганга мүмкүнчүлүк болбосо антисептик колдонуу зарыл.

Ошондой эле бет капты чечүүдө анын ортоңку бөлүгүнө колду тийгизбөө керек.

Этияттык менен кулактагы жиптеринен кармап чечүү сунушталат.

Каражатты туш келди ыргытпай, бир гана жабык таштанды челектерге ыргытуу керек.

Колду самындап жууп, андан соң дезинфекциялоо керек.