Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү мындан ары баарына бирдей төлөнөт

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү мындан ары баарына бирдей төлөнөт.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда каралууда.

Бул боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Пропорционально көтөрүп жатпайбызбы.

Кээ бирөөнүн базалык бөлүгү 800 сом болуп калып жатат, кээ бирөөнүкү 1200 сом болуп калып жатат.

Ошону 3170 сом кылып баарын бирдей кылсак деген сунушту киргизип жатабыз”.

Алиев белгилегендей, учурда Социалдык фонд мыйзамга жалпысынан 13 өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.