Кыргызстанда жарандарга паспорт менен гана пенсия чегерүү сунушталууда

Кыргызстанда жарандарга паспорт менен гана пенсия чегерүү сунушталууда.

Тагыраагы, мындан ары мурдагыдай толгон-токой документтерди чогултуунун зарылчылыгы болбойт, — деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев:

“Баары эле өмүр бою чогултпайт да документтеринчи.

Пенсияга чыгарда гана ошол документтер керек экенин эстешет да анан издеп башташат.

Көп учурда ал документтер жок болуп калат.

Анан “мен иштегем, бирок тастыктап бере албайм” деп капа болушат.

Ал ишкана жабылып кеткен, документтер архивге кирбей калыптыр дешет.

Ошондуктан, биз азыр эч кандай документ сурабайбыз.

Паспорт менен гана келет. 1996-жылдан бери отчислениелери бар болсо, ошону эсептеп пенсияга чыгара беребиз”.

Кошумчаласак, 1996-жылга чейин пенсиялык фондго каражат төккөн аялдардын эмгек стажы 13 жыл, ал эми эркектердики 18 жыл деп эсептелет.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.