Убактылуу айдоочу күбөлүгү менен жүргөн айдоочулар 15-февралдан баштап айыпка тартылат

Убактылуу айдоочу күбөлүгү менен жүргөн айдоочулар эртеңден баштап айыпка тартылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Ахмед Нурманбетов белгилегендей, аларды аныктоо үчүн атайын рейд жүргүзүлбөйт.

 

Бирок жол эрежесин бузуп, алмаштырылбаган же убактылуу айдоочулук күбөлүгү менен жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык 1 миң сом өлчөмүндө айып төлөшөт, машинеси айып токтотмого коюлат.

 

Айдоочу өзү унаа айдоо укугунан айдоочулук күбөлүгүн алмаштырганга чейин ажыратылат.  “Унаа” мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген.