Ош аэропортунда бардык каттамдардын убактысы жылдырылды

Ош аэропортунда бардык каттамдардын убактысы жылдырылды.

Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби калааны каптаган коюу туманга байланыштуу.

Маалыматка ылайык, учурда Оштон Бишкекке келиши керек болгон беш ички жана үч эл аралык каттамдын учуу убактысы өзгөртүлдү.

Ошондой эле, Сургуттан учуп келе жаткан самолет Намангандагы альтернативалык аэродромго конууга аргасыз болгону кабарланды.

Каттамдар аба ырайы жакшыргандан кийин жанданат.