Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1 миң 780 сомдон 3 миң 170 сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Андан такташкандай, жогорулатуу өткөн жылдын сентябрында кабыл токтомдун негизинде мүмкүн болду.
Андан тышкары, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 миң 729 миллион сомго көбөйдү.