Социалдык фонд айрым категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштады. Мекеменин мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.
Ага ылайык, пенсияга чыгуу курактары төмөндөгүдөй өзгөртүлөт — мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген аялдар — 58ден 60 жашка, бийик тоолуу шартта жашаган жана иштегендер — эркектер 55тен 58ге, аялдар 50дөн 53 жашка, бийик тоолуу шартта жашаган үч жана андан көп балалуу аялдар — 45тен 48 жашка.
Өзгөртүүлөрдү 2023-жылы киргизүү пландалууда.