Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия орточо эсеп менен 2 миң сомго көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия орточо эсеп менен 2 миң сомго көбөйөт. Пенсиянын базалык бөлүгүн бекитүү жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялангандан кийин орточо пенсия 8 миң 80 сомду түзүп калат.

 

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Социалдык фонддон билдиришкендей,     1-июлга карата өлкөдө орточо пенсия — 6 миң 174 сом.

 

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 1-октябрга карата пенсионерлердин жалпы саны 735 миң адамды түзөт.