Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызынын пенсиясы жашоо минимумуна да жетпейт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Ал белгилегендей, 10 жыл мурда бул көрсөткүч 85 пайызды түзгөн болчу.
Бүгүнкү күнгө карата 2 миң сомго чейинки пенсияны 14 миң адам алат. Ал эми 20 миң сомдон 1 миң 800 пенсионерге чегерилет. Эске салсак, учурга карата Кыргызстанда 689 миң пенсионер бар.