Жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 116 тонна ун бөлүнөт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, май айында мектепте окуган
балдары бар аз камсыз болгон 3 миңге жакын үй-бүлөгө байытылган ун таратылат.
Жардам алчу үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталды.
Кыргызстандагы мектептердин 65 пайызында тиешелүү шарттар түзүлүп,
БУУнун азык-түлүк программасы жана Россия тарабынан башталгыч
класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган.