Көк-бөрү боюнча президенттин кубогу 3-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Улуттук көк-бөрү федерациясынан билдиришти. Турнир Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда уштурулат.
Катышуучу командаларды каттоо 20-октябрга чейин жүрөт. 2-ноябрда чүчү кулак тартылып, эртеси күнү мелдеш башталат. Эске салсак, аталган турнир жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу мелдешти жылдыруу чечими кабыл алынган.