Быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан жай жүрүп жатат

Быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан жай жүрүп жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык,

апрелдин аягына карата Кыргызстанда жалпысынан 375 миң гектарга жазгы

өсүмдүктөрдүн уругу себилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу

43,5 миң гектарга же 10,5 пайызга аз. Мындай кырдаал апрелде аба ырайы

туруксуз болгонуна байланыштуу. Кошумчаласак, жазгы айдап-себүүнүн

эң көп аянты Чүй жана Ош облустарына туура келет.

Дыйкандар көбүнчө арпа, буудай, кант кызылчасын жана пахта эгишти.