Кыргызстандан малды экспорттоого уруксат берилет

Кыргызстандан малды экспорттоого уруксат берилет. Айыл-чарба министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев “Азаттыкка” билдиргендей, 8-июлдан тарта малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет.

 

Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлгөнүнөбайланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды.

 

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, мал-жандыктын азайып жатканы менен түшүндүргөн.