Кыргызстанда “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоор кое берилди

Кыргызстанда “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоор кое берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

 

Бул макам Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова жана Россия жарандарына бир катар артыкчылыктарды берет.

 

Алсак, аны алгандар бир жыл ичинде Кыргызстанда ишке орношууга уруксат албай, жашаган жери боюнча каттоого турбай койсо болот. Аларга автоматтык түрдө ПИН берилет. Белгилеп кетсек, макамды берүү акысыз.