Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Киев, Төкөлдөш, Байтик Баатыр, Литовская, Рысмендиев, Элебесов көчөлөрүндө, 10-12-кичи райондордо жана Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Бугу-Эне, Ак-Бата, Келечек, Ак-Босого конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.