Бишкекте жылуулукту өчүрүү азырынча пландалбайт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Андан такташкандай, 1-2-апрелде туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө.
Андыктан, жылуулук берүү токтотулбайт. Белгилеп кетсек, март айында жылуулук үчүн бишкектиктер адаттагыдан азыраак төлөйт – 25 суткага. 1-марттан 18ине чейин жана 25-марттан 31ине чейинки аралыкта төлөм чегерилет.