Лионель Месси үчүн Катарда өтө турган дүйнө чемпионаты акыркысы болот

Лионель Месси үчүн Катарда өтө турган дүйнө чемпионаты акыркысы болот. Бул тууралуу Аргентинанын форварды өзү жарыялады. Оюнчунун айтымында, ал мундиалдын башталышын чыдамсыздык менен күтүп, жакшы ойноого аракет кылат.

 

Бирок ал Аргентина курамасын фавориттердин катарына кошпойт. Белгилеп кетсек, Месси дүйнө чемпионатын бир дагы жолу жеңе элек. 2018-жылы курама чейрек финалда Францияга 3:4 эсебинде утулуп, турнирден четтеп калган.

 

Келе жаткан чемпионатта Аргентина Сауд Арабия, Мексика жана Польша менен бир тайпада ойнойт.