Кыргызстанда Санарип кодекс долбоору даярдалууда

Кыргызстанда Санарип кодекс долбоору даярдалууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, анда технологиялык жөнгө салуунун бардык маселелери камтылат.

Тактап айтканда, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандар менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнөкөйлөштүрүлүп, онлайн кызматтарга толук өтүү процесси тездетилет. Документ келерки жылы коомчулукка жарыяланышы күтүлүүдө.