Жылдыз Бакашова Тарых музейине директор болуп дайындалды

Жылдыз Бакашова Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине директор болуп дайындалды.

Бул маалыматты Министрлер кабинетинен «Азаттыкка» ырасташты.

Маалыматка ылайык, буга чейин сот чечими менен Тарых музейин жетектеген Кеңешбек Алмакүчүковдун кызматы калыбына келтирилген.

Бирок дароо кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып бергенине байланыштуу музейдин директорлугуна Жылдыз Бакашова дайындалды.

«Азаттык» радиосу Алмакүчүковдун эмне себептен кызматтан баш тартышы боюнча комментарий ала алган жок.

62 жаштагы Жылдыз Бакашова буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Ага чейин 15 жылга жакын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада директор болуп турду.