“Манас” аэропорту жеке жактарга берилет

“Манас” аэропорту жеке жактарга берилет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов билдиргендей, учурда өкмөт бул боюнча инфраструктуралык долбоорду даярдап жатат.

Аталган аба майданды “Модернизациялоо жана өнүктүрүү” программасынын алкагында инвестор издөө боюнча сынак ушул жылдын төртүнчү кварталында башталат.

Белгилегендей, азыркы тапта Мюнхен, Малайзия, Түштүк Корея, Түркиянын эл аралык аэропортторунун өкүлдөрүнөн турган бир нече ири инвесторлор бар.

Келишим 28 жылга түзүлүшү күтүлүүдө.