Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектептин курулушу жүрүүдө

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектептин курулушу жүрүүдө. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, долбоорлорду ишке ашыруунун жалпы баасы 30 миллион долларды түзөт. Каражат Кыргызстанга насыя катары берилген.

 

Мектептердин курулушу бардык облустарда жүрүп жатат. Көбү Ош облусуна туура келет. Билим берүү мекемелеринин эң азы 150, көбү 375 окуучуга эсептелген.