Коронавирустун айынан чек араларда жана обсервацияларда нөөмөттө турган дарыгерлерге сый акы берилет. Тиешелүү буйрукту Саламаттыкты сактоо министрлигине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берди.
Кошумчалап кетсек, жалпысынан, учурда карантинге 290дон ашык адам алынган. Алар эпидемиологиялык жактан туруктуу эмес мамлекеттерден келген жарандар.