Ош облусунда муктаж үй-бүлөлөргө турак-жайлар курулууда

Ош облусунда муктаж үй-бүлөлөргө турак-жайлар курулууда. “Турмуш” басылмасы жазгандай, иштер Алай жана Өзгөн райондорунда жүрүп жатат. Кийин бул турак-жайларда 170 көп балалуу энелер жана жетим балдар жашай алат.

 

Алар үчүн бардык шарттар каралып, таза суу чыгарылып, балдар аянтчасы дагы курулат. Ошондой эле, аялдарды иш менен камсыз кылуу үчүн тигүү цехин ачуу пландалууда. Курулушка каражатты демөөрчүлөр бөлүп берген. Объектилер сентябрда колдонууга берилип калат.