“Улуттук электр тармактары” ишканасы 2 автотрансформатор сатып алат.
Ишкананын басма сөз кызматынан novosti.kgге билдиришкендей,
жабдуулар үчүн 180 миллион сомго тендер жарыяланды.
Сынактык арыздар бүгүн ачыкталат. Андан кийин жеңүүчү аталган компания иштерди жүргүзө баштайт.
Автотрасформаторлор “Ала-Арча” жана “Узловая” көмөк чордондоруна орнотулат.