Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Азаттыкка» билдиришкендей,

алардын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет.

Алардын ичинен эки миң 400 үй-бүлө башка жактарга көчүш үчүн

мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок алар дагы эле кооптуу аймактарда

жашап жатат. Ссуданын жалпы суммасы 200 миң сом, анын ичинен

50 миңи кайтарымсыз каражат катары берилет. Учурда мүлктү

камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, ссуда берүү токтотулган.