Бишкектин Фатьянов көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкектин Фатьянов көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет.

 

“Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, 24-сентябрдан 3-октябрга чейин Фатьянов көчөсүнүн Кулатов менен кесилишинде суу түтүктөрүн алмаштыруу, магистралдык тармакты калыбына келтирүү иштери аткарылат.

 

Жол толугу менен жабылбайт, болгону улам чектөөлөр киргизилип турат, — дешти ишканадан.