Өлкөнүн айрым аймактарында сел жана үшүк жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн айрым аймактарында сел жана үшүк жүрүү коркунучу бар.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу Ош,

Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда

сел жүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары Талас жана Ысык-Көл облустарынын

дыйанчылык аймактарында түнкүсүн -2 градус үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай аба-ырайы өрүктүн гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын

эрте сортторунун бүчүрлөрүнө кооптуу.