Жалал-Абад шаарындагы жаңы муниципалдык унаа базар 25-марттан тартып иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарындагы жаңы муниципалдык унаа базар ушул бейшемби, 25-марттан тартып иштеп баштайт.

Соода аянты алгачкы апталарда акысыз болуп, унаалар үчүн төлөм алынбайт, — дешти калаа мэриясынан.

Андан кийин ар бир унаа үчүн атайын белгиленген сумма коюлуп, каражат шаар бюджетине түшүп турат.

Муниципалдык унаа базары Манас көчөсүндө жайгашкан. Ага төрт тараптан кирсе болот.

Ал эми буга чейин иштеп келген жеке менчик унаа базары ишин токтотот.