Эртең, 30-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Эртең, 30-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт.

«Бишкексууканал» ишканасынын маалыматына ылайык, эртең саат 9дан

кечки 9га чейин Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү чектешкен аймактагы

үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо

мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объектилерде

таза суу өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр суу тосмодо жана түтүктөрдө

техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу