Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү онлайн режимде каттоо киргизилди. Демилге Санариптик өнүктүрүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтерине таандык.
Жаңычылдык сыноо иретинде portal.tunduk.kg электрондук мамлекеттик кызматтар порталында жеткиликтүү.
“Үй-бүлө” бөлүмүндөгү жаңы кызмат төрөлгөн баланын ата-энесине туулгандыгы боюнча фактыны каттап, “Балага сүйүнчү” пособиесин алууга арыз таштоого мүмкүнчүлүк берет. Пилоттук режимдин учурунда кызмат Бишкек жана Аламүдүн районунун төрөт үйлөрүндө жеткиликтүү.