Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу.
Бирок курчуп кетиши ыктымал, — дешти өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.
Маалыматка караганда, облусту жабуу чарасы көрүлбөйт. Жергиликтүү бийлик органдары
жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Муну менен катар облус тургундарына
аймак аралык каттамдарды токтотуп туруу сунушталууда, — дешти облус башкармалыгынан.