Кыргызстанда учак же тик учак менен дезинфекция иштери жүргүзүлгөн жок

Кыргызстанда учак же тик учак менен дезинфекция иштери жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди. Чиновник белгилегендей, социалдык тармактарда учак менен химиялык каражаттар чачыратылып жатат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Андыктан, жарандарга жалган маалыматтарга ишенбөө сунушталат.