Кыргызстанда учурда 8 гидроэлектр станция курулуп жатат

Кыргызстанда учурда 8 гидроэлектр станция курулуп жатат. Улуттук энерго холдингдин маалыматына ылайык, тизмеде Үч-Коргон ГЭСи, Камбар-Ата ГЭСи, Жалал-Абад облусундагы чакан станция, Таластагы Бала-Саруу жана Нарындагы Куланак ГЭСтери бар.

 

Компаниядан белгилешкендей, буга чейин президент энергетикалык тармакка салым кошкон инвесторлорго жеңилдиктер бериле турганын убадалаган.

 

Андан тышкары, мамлекет жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулган кичи станциялардан электр энергиясын сатып алууну пландап жатат.