Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат

Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул балдар арасында курч респиратордук вирустар көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынган чара.

 

Бейтапканалар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштесе, жекшемби күндөрү түшкө чейин ачык болот.

 

Андан тышкары, жекшемби күндөрү медицина кызматкерлери Шаардык балдар клиникасында нөөмөт жүргүзүүдө. Вирустун белгилери пайда болоору менен өз алдынча дарыланбастан, дарыгерлерге кайрылуу сунушталат.