Жалал-Абад шаарына чакан ГЭС курулат

Жалал-Абад шаарындагы Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат.

Novosti.kgге мэриядан такташкандай, гидроэлектрстанция куруу үчүн жеке ишканага бийлик тарабынан 1,5 гектар жер 49 жылга ижарага берилди.

Келишимге ылайык, чакан ГЭС кийинки жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

Курулуш аягына чыкканда компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 миң 200 сомдон ижара акы жана жыл сайын социалдык пакет катары 800 миң сом төлөйт.

Ничке-Сай суусуна курулуучу чакан ГЭСтен жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, 10дой адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.