Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашты.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу туура 1 миллиард кубометрге көп.
2021-жылдын 30-июнунда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 11 миллиард 60 миллион куб метр болчу.
Белгилеп кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.