Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган
“Кино-карнавал” башталды. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык
кинотеатрларында Улуу Ата мекендик согуш тууралуу тартылган
тасмалар акысыз көрсөтүлөт. Анда Кыргызстандык жана
советтик киностудиялардын 20дан ашык тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат.