Бишкектин автобус, троллейбустарынын айдоочулары “Электрондук билеттештирүү” системасына атайын окутуудан өтүп жатат

Бишкектин автобус, троллейбустарынын айдоочулары “Электрондук билеттештирүү” системасына атайын окутуудан өтүп жатат. Бизге “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков билдиргендей, декабрдан тарта атайын адистер айдоочуларга инструктаж өтүүдө.

 

Анда электрондук төлөм кандай кабыл алынат, валидаторлор иштен чыгып калса эмне кылуу керек экени түшүндүрүлүп жатат. Белгилеп кетсек, жаңы төлөм системасы ордо калаанын коомдук транспортунда ушул марттан тарта киргизилет.