Бишкек-Ош унаа жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат. novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, объектилер Сосновка жана Арал постторунда жайгашкан.

 

Алар суук кайтканга чейин иштейт. Сапарда кыйын учурларга кабылган айдоочулар түйүндөргө кайрылып, куткаруучулардын жардамын алуудан тышкары, акысыз ысык тамак жана чай ичип алса болот.