Кыргызстанда ушул жылы дагы 9 калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстанда ушул жылы дагы 9 калкты тейлөө борбору ачылат. Алар Бишкекте, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Ош облустарында пайда болот. Премьер-министр Улукбек Марипов белгилегендей, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жакшы шарттарды түзүп берүү керек.

 

Кошумчалап кетсек, жалпысынан өлкө аймагында бүгүнкү күндө 26 калкты тейлөөчү борбор иштеп жатат.