Республикадагы май куюу бекеттеринин үчтөн бир бөлүгүнө автоматтык башкаруу системасы орнотулду

Республикадагы май куюу бекеттеринин үчтөн бир бөлүгүнө автоматтык башкаруу системасы орнотулду. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жаңы талаптарга ылайыкташкан станциялардын көбү Чүй облусуна туура келсе, эң аз  Баткенде.

 

Учурда атайын комиссия май куюу бекеттерин техникалык талаптарга жооп бере тургандыгына текшерип  жатат. Салык кызматынан эске салышкандай, өлкө аймагында жалпысынан 936 май куюу станциясы бар, алардын бардыгы автоматтык башкаруу системасына 1-июлга чейин өтүшү керек.