Быйыл ордо калаанын төрт районуна 10 миң көчө чырагы орнотулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда иштер Свердлов районунда жүрүп жатат.
Райондо жыл башынан бери 159 көчөдө жумуштар аткарылды. Анда 1 миң 830 көчө чырактары орнотулуп,
30 чакырымдан ашык аба чубалгылары тартылды. Ошондой эле Чыгыш 5 кичирайонунун 20га жакын
көп кабаттуу үйлөрүнүн короолору жарыктандырылды. Иштерди “Бишкек жарыктандыруу”
муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.