Жогорку Кеңеш депутаттары жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Референдум өткөрүүгө макул добушун 87 депутат берсе, 9 эл өкүлү каршы чыкты. Жаңы Негизги мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелде – жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү сунушталып жатат.