Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды

Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды.

Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, эми коомдук тамактануучу жайлар,

кафе-барлар түнкү саат 12ге чейин иштесе болот. Бирок кардарлардын саны 50дөн ашпай,

санитардык эрежелер так сакталышы керек. Ал эми чайканалардагы кабиналарга

12 орундан ашпаган шартта гана уруксат берилет. Ошондой эле бильярд ойноочу залдарга

дагы түн жарымга чейин иштөөгө уруксат берилди. Эске салсак,

Жалал-Абадда буга чейин тамактануу жайлары кечки 8де жабылышы керек болчу.