Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2 миңден ашык атайын муздаткыч бар

Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2 миңден ашык атайын муздаткыч бар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдиргендей, 2019-20-жылдары эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 973 атайын муздаткыч алынган. Алар атайын сертификаттарга ээ болуп, бардык талаптарга жооп берет.

 

Эске салсак, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү марттын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Россиянын Спутник V, COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,2 миллиондон  ашты.